Menu

Аймактардагы калктын социалдык-экономикалык шарттарын жакшыртуу жергиликтүү бийлик башчыларынын кесипкөйлүгүнөн көз каранды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 25-январда,  Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2016-жылдагы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2017-жылга планын бекитүү боюнча коллегия жыйынына катышты. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов    аймактын экономикасын  өнүктүрүү багытында аткарылган иштер боюнча маалымат берди. Ага ылайык, 2016-жылда облуста өнөр-жай  жай продукцияларын өндүрүүнүн  көлөмү 4млрд.сомдон ашкан.

Жалпысынан  жеке ишкердиктен тартылган инвестициянын көлөмү 1млрд 964,1 млн сомду түзүп, бул көрсөткүч  өткөн жылга салыштырмалуу 27 млн. 400 миң сом чейин көбөйгөн.

Ош облусунда 2016-жылдын жыйынтыгы менен 59 ишкана ачылып, 334 жумушчу орундары түзүлгөн. Анын ичинен 19 ишкана өнөр-жай багытында, 12 курулуш материалдырын чыгаруучу, 19 ишкана кызмат көрсөтүү багытында, 1  ишкана электр энергиясын иштеп чыгуу жана 8 ишкана айыл чарба продукциясын өндүрүү багытында болгон.

Ал эми региондогу 4 айыл аймагы дотациядан чыгарылган. 2016-жылда 25 социалдык обьекти пайдаланууга тапшырылган.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей, калктын бакубат жашоосун жогорулатуу аймактын экономикалык жана финансылык потенциалын жакшыртуу – жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин ошондой эле кызматкерлердин кесипкөйлүгүнөн көз каранды. Ал, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери  өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди так, натыйжалуу аткарып, эл менен жакындан, тыгыз иштешүүсү зарылдыгын белгиледи.  «Айыл калкынын жашоо шартын жакшыртуу менен элеттин экономикасын өнүктүрүү зарыл.  Бул багытта жергиликтүү бийлик активдүү иш алып баруусу керек»,- деп белгиледи Мухамметкалый Абулгазиев.

Коллегиянын соңунда республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн толук кандуу аткарбагандыгы үчүн  Ноокат районунун  салык кызматынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин кызмат абалын кароо жана  Алай, Өзгөн, Ноокат райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басарларына  – районунда өнөр-жай продукциясынын көлөмүнүн азайып кетүүсүнө жол бергендиги, салыктардын көлөмүн кыскартуу боюнча иш аракеттерди тийиштүү деңгээлде алып барбагандыгы үчүн эскертүү берилди.

Буга удаа Биринчи вице премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Ош облусундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, социалдык жана билим берүү мекемелеринин  бир катар кызматкерлерине аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: