2013-жылдан 2016-жылга чейин Кыргызстандан 66 баланы чет өлкөлүктөр асырап кеткен. Бул тууралуу 17-майда Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Жаңыл Жумабаева басма сөз жыйынында билдирди.
«Биз балдарды биологиялык үй-бүлөсү менен бириктирүүгө колубуздан келген аракетти жасап жатабыз, бирок бул мүмкүн эмес болгон учурда аларды интернатка жиберебиз. Эң эле мажбур болуп калгандар эл аралык асыроого берилет. Баардыгы болуп интернаттарда 1200 бала бар, алардын 6-7 пайызы жетимдер» деп маалымдады ал. Андан ары Жумабаева өлкөдө биологиялык ата-энеси баш тарткан балдардын саны кыскарганын кошумчалап, «азыр эл аралык бала асырап алуу менен аракеттенген 12 уюм бар, алар аккредитациядан өткөн» деди ал.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ