Menu

Кожобек Рыспаев, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Жерүйдү мамлекет өзү иштетсе болмок”

Бөлүшүү:

– ЖМКлар сиз жетектеген отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жыйыны эки-үч жолу өтпөй калганын жазышты. Анын себеби эмнеде?

– Бир эле материал болсо өтпөй калат. Кээде материал топтоп калабыз. Ар кандай да. Биз жакшы иштеп атабыз, жоготуп коюп атабыз жумуштун баарын. Кээ бир комитеттер чогулта беришет.

– Анда карай турган материал жогунанбы?

– Материалды топтойсуң да. Экспертизадан өткөрөсүң, заключение аласың. Чийки материалдарды карабайсың да. Биз мыйзам чыгаруучу орган болгондон кийин материалды толук кандуу өкмөттөн аласың, тиешелүү органдардан запрос кылып табасың. Толук кандуу алган соң анан кийин комитетке алып чыгасың. Эгер даяр болбосо алып чыкпайсың.

– Азыр уран чырына байланыштуу материал көп болушу керек эле го?

– Эмне материал болуш керек эле? Эч кандай материал жок. Болгонун биз чыгарып бердик. Комитеттин чечимин, Жогорку Кеңештин токтомун чыгарып бергенбиз. Андан башка кандай материал болушу мүмкүн? Эгер коомчулукта, элде кандайдыр бир инцидент болсо, анда биз реакция жасайбыз. А так, аткаруу бийлиги өздөрү иштейт да.

– Мен бүгүн эле интернет булактардан окудум, Өзбекстан үч айда 6,2 тонна, Монголия 3,4 тонна, атүгүл кошуна Тажикстан 1 тонна алтын сатыптыр. Биз эмнеге анте албай жатабыз?

– Бизде деле Кумтөр сатып атат. Бизде алтынды мамлекет өзү казып албайт да, салык түрүндө гана алат. А балким, андан көбүрөөк сатылып аткандыр? «Алтынкен», «Эти Бакыр», андан бөлөк да майда алтын казган ишканалар бар. Бул мындай да, эгер мамлекет өзү иштеткен болсо… Мисалы, Жерүйдү мамлекет өзү иштетсе болмок. Бул аябай жакшы долбоор болчу.

– Эмне үчүн мамлекет өз колуна алалбай жатат деп ойлойсуз?

– Акчасы жок болсо, комбинат кура албаса… Кумтөр саясатташып кеткен. Аны бир айтасың, эки айтасың, баягы эле Кумтөр… Ал эл аралык келишим менен кеткен. Мен Жерүйдү айтып атам. Жүз тоннадан ашык алтыны бар жакшынакай кенди эл аралык банктар менен келишим түзүп, өзүбүз иштетсек болмок. Пайдасын көп көрмөкпүз. Эмне үчүн аны кылган жок? Аны ошол убактагы президенттер, өкмөт башчылар билет.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: