Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия башталгыч жана орто-кесиптик билим берүү окуу жайларынын өкүлдөрү менен билим берүү тармагындагы мамлекеттик тилдин абалын жакшыртуу максатында жыйын өткөрдү. Жыйын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мурдагы төрагасы, Кыргыз эл акыны Э. Эрматовду бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.
Иш чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын” негизги максаттарынын бири көп тилди эркин билген кыргызстандыктардын жаңы муунун өстүрүү экендигин, ошол эле учурда мамлекеттик тил биринчи орунда турушу керектигин баса белгилеп өттү. Ошондой эле, окуу жайларга кыргыз Википедиясын өнүктүрүүгө салым кошуу, окуу пландарын кыргызчалоо, Эл аралык эне тил күнүн белгилөө сыяктуу ж.б.тапшырмалары менен кошо мамлекеттик тилдин күйөрманы болууга чакырык таштады. Мындан сырткары, КР Президентинин 2017-жылдын 5-январындагы Жарлыгына ылайык “Ыйман, адеп, маданият жылын” өткөрүүнүн табигый булагы болгон мамлекеттик тилди каражат катарында колдонуунун мүкүнчүлүктөрү тууралуу омоктуу ойлор айтылды. Иш чаранын соңунда төрага Н.Ишекеев жыйындын катышуучулары менен кеңири пикир алышып, сунуштарын угуп, суроолоруна жооп берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ