“Facebook” компаниясы 100дөн ашык колдонуучусунун баракчаларын жаап салды. Бул тууралуу “Америка үнү” маалымат агенттиги жазып чыкты. Мындай кадам шейшемби күнү Америкада өткөн Конгресске шайлоого орус троллдору тарабынан кийлигишүү болбошу үчүн жасалган.
Фейсбуктун берген маалыматы боюнча Facebook жана Instagram шектүү колдонуучуларын шайлоо башталганга чейин жабышкан. Алар мындай чечимди укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча кабыл алышкан.
Facebook компаниясынын коопсуздук кызматын көзөмөлдөгөн Натаниэль Глейшердин айтымында тролль деп шектелген колдонуучулар дүйшөмбү күнү кечинде жабылган. Жалпы Instagram социалдык тармагынан 85 аккаунт, ал эми Facebook баракчасынан 30 колдонуучу жабылган.
Тергөөчүлөр бул аккаунттар Санкт-Петербургда жайгашкан “Агенство интернет-исследований” аттуу агенттик менен байланышы бар болушу мүмкүн деген божомолдорду айтышкан.
Эскерте кетсек, жогоруда аты аталган агенттик 2016-жылы Америкада өткөн президенттик шайлоого катышы бар деп айыпталган. Ошондой эле апрель айында Facebook ал агенттикке тиешелүү 270ке жакын колдонуучусун жапкан. Мындан тышкары “Facebook” жакында эле Иранга тиешелүү деген 82 аккаунтун чектеген. Алар саясий боёгу бар мемдерди тараткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ