Токтогулда үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Үч адам каза тапты. Бул тууралуу Жалал-Абад облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 12-октябрда Токтогул районунун Торкен айылынын жанында саат 14:00 чамасында “Тойота жана “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен “Тойотанын” айдоочусу жана эки жүргүнчү окуя болгон жерде каза болушкан.
“Хонда” унаасынан дагы беш адам жаракат алышты, алардын арасында 12 жаштагы бала дагы бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ