Menu

Актөбөдөгү автобус кырсыгы боюнча сот өкүмү чыкты

Бөлүшүү:

Актөбө шаарында сот 52 өзбек жаранынын өлүмүнө алып келген Самара — Шымкент унаа жолундагы автобус кырсыгы боюнча айыпталып жаткан беш кишиге өкүм чыгарды.

Автобустун айдоочулары – Нуржан Кыргызбаев, Максат Пернебеков жана Барат Танатовду сот беш жылга түрмөгө кесип, жети жылга транспорт каражаттарын айдоого тыюу салды. Сот айдоочуларды өрт коопсуздугун жана транспорт каражаттарын пайдалануу тартиптерин бузган деп тапты. Жараян учурунда Танатов автобуста жүргүнчү иретинде баратканын билдирди.

«Азия транзит сервис» компаниясынын негиздөөчүсү Нурлыбек Тилепбаев менен ишкананын механиги Бахадур Пердебаевди сот үч жарым жылга жатак абакка кести. Соттолуучулар маркум 46 кишинин үй-бүлөсүнө эки миллион теңгеден (беш миң доллардан ашык) төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Компаниянын негиздөөчүсү бузук транспорт каражатын пайдаланууга жол берген жана жалган документ жасаган деп айыпталган. Мехиник бузук автобусту каттамга чыгарууга күнөөлөнгөн.

Автобус айдоочулары 26-январдан бери Актөбөдөгү тергөө абагында отурушкан. Компаниянын жетекчиси менен механиги белгилүү бир аймактан чыкпоо тилкатынын негизинде бошотулган. Автобустун ээсине болсо эл аралык издөө жарыяланган.

Өзбекстан жарандары бараткан автобус 18-январь эртең менен Актөбө облусундагы Иргиз трассасында өрттөнүп кеткен. Анда 52 киши мерт болуп, 5 киши аман калган. Расмий версия боюнча өрт автобустун салонун каңдагыч лампа менен жылытуу учурунда чыккан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: