Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков «Илим жана техника жагында 2018-жылдагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Илим жана техника жагында 2018-жылдагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик  сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Төмөндө Жарлыктын толук тексти:

«Илим жана техника жагындагы жетишкендиктери үчүн, ошондой эле илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитеттин чечимдерин көңүлгө алып, токтом кылам:

  1. Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары төмөнкүлөргө ыйгарылсын жана «Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» деген наам берилсин:

1) «Офтальмологиядагы заманбап жогорку технологиялуу методдор» кыргыз окумуштууларынын микрохирургиядагы теориялык иштеп чыгуулары жана практикалык тажрыйбасы« иши үчүн:

Джумагулов Олжобай Джумакадыровичке         —        И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын офтальмология кафедрасынын башчысы,  медицина илимдеринин доктору;

Ботбаев Алмазбек Аскеровичке —        „Дордой офтальмик-сервис“ көз микрохирургиясы медициналык борборунун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты;

Дикамбаева Марта Казыевнага —        „Дордой офтальмик-сервис“ көз микрохирургиясы медициналык борборунун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты;

Усенко Валентина Александровнага  —        Дордой офтальмик-сервис» көз микрохирургиясы медициналык борборунун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты;

Эшмамбетова Асизбекке    —        Дордой офтальмик-сервис« көз микрохирургиясы медициналык борборунун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты;

 

2) Касым Тыныстанов атындагы сыйлык „Скелеттин узун сөөк сыныктарын заманбап дарылоо“ иши үчүн:

Джумабеков Сабырбек Артисбековичке     —       Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору, медицина илимдеринин доктору;

Анаркулов Бектур Суйоркуловичке  —        Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун № 1 травматология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору;

 

3) „Эгемендүү Кыргызстандын коомдук-саясий жана социалдык өнүгүүсүнүн актуалдуу проблемалары“ иши үчүн:

Абдырахманов Толобек Абылович    —       И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору;

Артыкбаев Мэлс Табалдыевичке        —        Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин философия, маданият теориясы жана тарыхы кафедрасынын профессору, саясий илимдеринин доктору, философия илимдеринин доктору;

Курбанова Назира Умаровна    —       И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э. Ж. Маанаев атындагы тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин деканы, тарых илимдеринин доктору;

Маанаев Эгенберды Джумагулович   —        И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: