“PEOPLE” эл аралык журналы ар жыл сайын дүйнө боюнча “Эң сүйкүмдүү аялзаты” деген суроонун алкагында сурамжылоо жүргүзүп, берилген жооптордун негизинде сулуунун сулуусун аныктап келишет. Мындай жагымдуу даражага быйыл киноактриса Джулиа Робертс кайрадан сап башына чыкты. 50 жаштагы Джулия бул наамга башкалардан айырмаланып 5-жолу татыктуу болуп олтурганында. Биринчи жолу мындай даражага ал 23 жашында (1991-жылы) ээ болгон. Джулия Робертс көптөгөн киносыйлыктарынын да ээси. Анын ичинде “аялзатынын ролун эң мыкты аткарганы үчүн” кино жаатында ааламдагы эң эле барктуу делген “Оскар” сыйлыгын да жеңип алган. Учурда чыгармачылыктан тышкары эгиздер – Финнеас аттуу уулун, Хэзел аттуу кызын жана көкүрөк күчүгү Генри деген кенже уулун тарбиялап келет.
Булак: “Айгай пресс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ