Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда элдин жашоо деңгээлин эшек, ат менен баалабаш керектигин ал парламенттеги бүгүнкү 16-январдагы жыйында билдирди.
“Кыргыз Республикасынын жаранынын жашоо деңгээлинин жогорулашына шарт түзүп берүү өкмөттүн түздөн-түз милдети. Денгээлди эшек, ат менен баалабаш керек, билим менен баалаш керек!”, – деди Б.Төрөбаев.
Эске сала кетсек, 14-январда, биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында сүйлөп жатып, Кыргызстанда элдин жашоо-шарты кыйла эле жакшырып калганын баса белгилеп, айыл жеринде эшек, ат мингендер азайып, машина айдагандар көбөйүп калганын мисалга алган. Анын бу сөзү социалдык тармактардагы коомчулукту “жарып”, катуу сынга кабылып турган чагы. Бакыт Төрөбаев Кубатбек Бороновдун атын атабаганы менен анын андагы айткандарын сындап жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ