Menu

Алматыда Ички иштер министрлигин реформалоо концепциясы талкууланды

Бөлүшүү:

Алматыда “ИИМ реформасы үчүн” демилгелүү тобу коомчулукка жакын жана ачык иш алып барган полицияны түзүү үчүн укук коргоо органдарын реформалоо боюнча сунуштарын билдирди. Демилгечилердин максаты полицияга калктын ишенимин арттыруу болуп эсептелет.

“Казакстандын жаңы полициясы” деп аталган отурумда катышуучулар адам укуктарынын сакталышын, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоону талап кылышты. Жарандык активисттер жаңы кадр саясатын сунушташты. Анын ичинде полицияны ИИМдин алдындагы өзүнчө орган катары түзүү демилгеси бар. “Казакстандын жаңы полициясы” концепциясында бардыгы болуп 16 сунуш камтылган. Документ авторлорунун айтымында,аны иштеп чыгуу учурунда жарандардан түшкөн 300дөн ашуун сунуш, полиция кызматын уюштуруудагы эң мыкты эл аралык тажрыйбалар эске алынган.

Консепцияда полиция ишмердүүлүгүн баалоонун жаңы системасы менен парламенттик жана коомдук көзөмөлдү киргизүү сунушталууда.

Демилгелүү топтун өкүлдөрү концепцияны Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин атына жөнөткөнүн айтышты.

Полицияны реформалоо, анын ичинде ИИМ жетекчилигин отставкага кетирүү талабы көркөм муз тебүү чебери Денис Тен киши колдуу болуп өлгөндөн кийин айтыла баштаган. Журналист Ирина Медникованын айтымында, “ИИМди реформалоо үчүн” тобу 17 500дөн ашуун кишини камтыйт, алардын арасында юристтер, укук коргоочулар, журналисттер, эксперттер жана катардагы жарандар бар.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: