Menu

Аравандагы билим берүүнүн Арабөк абалынын бийлик кабардарбы?

Бөлүшүү:

1-сентябрь… Жаңы үмүттөр менен жаңы окуу жылы башталат. Тилекке каршы, Ош облусунун Араван районундагы мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы өтө начар абалда. Анткени, Араван райондук билим берүү бөлүмүн төрт жылдан бери Тейитбек Раимкулов деген «юрист» болумуш чаласабат бирөө башкарып, билим-тарбия тармагынын ашмалтайын чыгарды. (Т.Раимкулов убагында билим берүү жана илим министрлигинин аттестациясынан да өтпөй калган. Бирок, билимсиз болгону менен алдамчылык, жемекейлик жагынан алдына адам салбайт экен үстүнөн эчен ирет кылмыш иши козголуптур.)

Жетекчинин компетентсиздигинин жыйынтыгы ушул акыркы жылдары Араван району билим берүүнүн сапаты боюнча республикадагы арткы орунду эч кимге бербей келатат. Облустук бийлик облусту артка тарткан РБББ жетекчисине карата түзүк эле чара көргөнсүйт эчен жолу сөгүш беришти. Акырында ишиндеги одоно кемчиликтери боюнча ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө токтом да чыгарышты. Анын негизинде Араван районунун акими Курманбек Айтибаев билим берүү жана илим министрлигине Т.Раимкуловду кызматтан бошотуу боюнча расмий сунуш да жөнөттү. Бирок, эмнегедир аталган министрлик алиге чейин эч кандай чара көрө элек. Ал эми Тейитбек «баатыр» азыр бир канча жолу соттолгон А.Суксуралиев деген «жазмакер» менен М.Аликулов деген юристти кеңешчи кылып алып, өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип, мыйзамсыз иштерин улантууда. Ошентип, Араван районунун мектептери жаңы окуу жылын дагы да чаласабат, алдамчы, жегич башчы менен баштаганы турат.

Баса, «сууга салса чөкпөгөн» Т.Раимкуловду жакындан «тааныгысы» келгендер «Ютубдагы» «Мына сага! Араванда кылмышкер мектеп башкарууда» деген видеоматериалды карап коюшса болот. Министр Гүлмира Кудайбердиева дагы ага бир көз салып койсо болмок…

Бекбол Айдаров

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: