Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев Каныбек Иманалиевден пресс-катчысынын сөздөрү үчүн жеке өзү кечирим сурады

Бөлүшүү:

Кечээ, 4-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутат Каныбек Иманалиевге телефон чалып, пресс-катчысынын сөздөрү үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу депутаттын жардамчысы Нурдин Жолдошбеков Фейсбуктагы баракчасына жазган.

“Премьер-министр М.Абылгазиев депутат К.Иманалиевге телефон чалып, пресс-катчысы А.Султаналиев аны менен макулдашпай билдирүү жасаганын, өзүн ыңгайсыз сезип жатканын билдирип, кечирим сурады.

Депутат аны түшүнүү менен кабыл алып, А.Султаналиевге эч жаман оюу жок экенин айтып, бирок, экономикалык маселелер боюнча сунуштарын тез арада жүзөгө ашыруусу бүгүнкү күндүн талабы экендигин, Парламент жана Өкмөт эң ириде бүт күчүн кризистен чыгууга жумшоосу керек экендигин айтты.

“Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” демекчи, мамлекеттик көп чиновниктер бул окуядан сабак алары шексиз” – деп жазган Нурдин Жолдошбеков.

https://www.facebook.com/Nurdin.Zholdoshbekov/posts/2597238417043935

Депутат Каныбек Иманалиев премьер-министрдин кечирим сураганын журналисттерге тастыктаган.

Белгилей кетсек, буга чейин премьер-министрдин пресс-катчысы Адилет Султаналиевдин билдирүүсү парламенттин жана өкмөттүн басма сөз кызматтарынын ортосунда пикир келишпестиктерге себеп болгон.

30-апрелде парламент жыйынында Каныбек Иманалиев өкмөттүн экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу тууралуу токтомун Казакстандан көчүрүп алгандыгын билдирген.

1-майда премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев депутаттын сөзүнө какшык менен жооп берген. Социалдык тармактарда бул кызуу талкууга алынган. Айрымдар аны мамлекеттик кызматтын этикетин жана протоколун бузган деп эсептесе, башкалары аны жактырышкан.

2-майда парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу Өкмөт башчыбыздын маалымат катчысынын жасаган билдирүүсүндө Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевди кемсинткен сөздөрдүн кошулуп кетиши өкүнүчтүү экенин билдирген.

Ошол эле күнү Өкмөттүн аппараты пресс-катчы Адилет Султаналиевдин билдирүүсү өкмөттүн позициясын толугу менен чагылдырбай турганын билдирип, ага карата дисциплинардык чаралар көрүлө турганын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: