Бүгүн, 8-майда өкмөттө өткөн онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус илдетине байланыштуу суроолорго жооп берди.
Анда Үсөнбаевке “Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин ичинен иштен кетебиз дегендер болгонбу?”,- деген суроо берилди.
“Мындай учурлар болгон жок. Вирусту жуктурган дарыгерлер сакайып кетишип, баары кайра жумуштарына келип жатышат. Бүгүнкү күндө 224 медициналык кызматкерлер коронавирус илдетин жуктуруп алышып, 60ка жакыны дагы деле дарыланып, медициналык көзөмөлдө болуп жатышат. Ал эми сакайгандары жумушка чыгып, иштеп жатышат”,- деди Үсөнбаев.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ