Menu

Адахан Мадумаров, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери: “Юристтер менен Конституциялык палата андай Конституцияны керек болсо эки саатта жазып салышат”

Бөлүшүү:

Конституциянын түп нускасы жоголуп кетиши мүмкүнбү?

— Азыркы мамлекеттик системада бизди башкарып жаткан жетекчилер Конституция эмес, өздөрүнүн башын жоготуп коюп жатышпайбы. Конституция бир китеп, китеп бул жакта турсун өздөрүнүн башын, сүйлөөр сөзүн жоготуп коюп жатышат. Өзүнүн ким экендигин билбей унутуп калышууда. Ошондуктан Конституциянын түп нускасы жоголуп кеткенине мен таң калбаймын. Жоготпогон эмнеси калды? Кыргыз кыйын, жоголуп кетсе башкасын жазып алат. Биз ошондой кыйынбыз, Конституциянын жоголушу кайгы эмес. Жоголуп кетсе жаңысын жазып алабыз. Кудайга шүгүр коалициябыз бар, референдумду өткөрүп берчү ГРС даяр турат. Сарпашев деген азаматыбыз канча пайыз жасайын деп кайчысын кармап даяр. Юристтер менен Конституциялык палата бирге кошулуп олтуруп андай Конституцияны керек болсо эки саатта жазып салышат. Ошол дагы маселеби? Башка мамлекеттерде Конституциябыздын түп нускасы деп алтын корундай сакташат. Бизге эмне, башкасын жазып алып кете беребиз. Көп болсо 90 барак кагаз кетет. Уят болбогон эмнебиз калды? Конституция жоголуп кетсе эле ушуга чейинки болгон уяттарыбыздан катуурак уят болуп кетмек белек? Менимче башка мамлекеттер буга көңүл деле бурбайт. Алардын Конституциясы бар бекен, болгон беле деп сурап коюшу мүмкүн. Бүгүнкүлөргө “Өзү Баш мыйзамыбыз бар беле?” деген суроону коюш керек.

Булак: Жаңы Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: