Menu

Елена Чаушескунун өмүрү жана трагедиясы

Бөлүшүү:

Аны «Красная императрица» деше турган. Анын кийим-кечек жасалгалары тууралуу легендалар жаралып, эбегейсиз байлыкка ээ экендиги аңыз кепке айланчу. Кездешкенде сый көрсөтүшкөнү менен, тымызын жек көрүшчү. Ошол каргашалуу 1989-жылдын 25-декабрында да ага эгерде өзү акылынан айныганын моюнга ала турган болсо тирүү каларын кыйытышкан. Бирок, Елена Чаушеску, Румыниянын президенитинин аялы бойдон калып, күйөөсүнүн тагдырын кошо бөлүшкөн.

Жаш подпольщица

Лена Петреску итке минген жакырчылык деген эмне экендигин жаш чагынан билген. Румыния XX кылым башында байлык дегенди билген эмес, ал эми айылдык крестьяндар ачка жашашкан. Петрескунун үй-бүлөсү Валахияда жашап, курсагы тойгон күн алар үчүн майрам сыяктуу болчу.

Мектепте Елена анча деле жакшы окуган эмес, ошондуктан аны кийин интеллектуалдык деңгээли төмөн дешкен. Арийне, ал кезде кыз илимге эмес эле, кара курсактын айласына көңүл бурчу. Мектепти бүткөн Елена агасы менен Бухарестке барып, текстиль фабрикасына кирген.

Фабрикада иштөө кыйын болуп, айлык акы аз эле. Мындай акыйкатсыздык жаштарды нааразы кылып, алар өзгөрүүнү каалашчу. 18 жашында Елена Петреску тыюу салынган Румын коммунисттик партиясына кирген.

Аял жана жолдош

Аны түрмө, өлүм жазасы менен коркутушса да, эрктүү кыз баш ийчү эмес. Анан дагы ал сулуу болгондуктан, саясий күрөштөгү шакирттеринин баары ага көңүл бурушчу. Алардын катарында Николае Чаушеску да бар болчу.

Алардын сүйүүсүн Николае бир нече жыл түрмөдө өткөргөн жылдар сынаган. 1944-жылы Румыния аскердик коалициядан – нацисттик Германия таасиринен чыгып, Коммунисттик партия ишмердигине уруксат берилет. 1946-жылы Николае менен Елена баш кошушкан.

«Алар узак убакыт бою бактылуу жашап, бир күндө чогуу өлүшкөн» деген жомоктук формула жубайлар Чаушескуларга абдан жарашат. Жада калса душмандары да румын лидери аялын катуу сүйөрүн моюнга алышчу, а аялы болсо Николаесин гана сүйүп, алар бул бийик сезимди 43 жыл бою чогуу жашашканда жоготушкан эмес.

Чаушеску акырындап карьералык тепкич менен көтөрүлүп олтурган. 1965-жылы социалисттик Румыния лидери болгон. Бийликте бекем олтурган соң, ал маанилүү постторго өз кишилерин коё баштаган. Аялы дагы четте калбайт: 1972-жылы Елена Чаушеску румын компартиясынын Борбордук комитетине кирет, 1980-жылы Румыния премьер-министринин орун басары болуп калат.

«Журт энеси»

Еленага Мао Цзедундун аялы Цзян Цин таасир эткен дешет. Ал дагы Кытайдын жогорку жетекчилигине кирген болчу. Цзян Цин үчүн бул жаман аяктаган, ал эми Николае Чаушескунун аялы буга көңүл бурган эмес.

Чаушескунун үй-бүлөсүндө үч бала тарбияланган: Нику жана Зоя жана дагы багып алган баласы – Валентин. Ал согушта жетим калган бала эле, аны Николае менен Елена өз балдарынан кем кылбай багышкан. Нику Чаушеску Принц атка конуп, алкоголго берилсе, Валентин билим алып, физик-ядерщик болуп, илимге баш-оту менен берилген адамга айланган.

Сексенинчи жылдарда Елена “журт энеси” атка конот. Кошоматчы акындыр аны ырга кошуп,  музыканттар ырга салышат. Валахиялык жакыр кыз мындай болом деп кыялданчу да эмес.

Саясий оюндар

Елена румын саясатына таасир эткен күчкө ээ болгон. Сексенинчи жылдарда өлкөдө катаал үнөмдөө режими киргизилип, батыштык кредиттерди төлөөдөн кутулуу идеясын Николае Чаушеску гана эмес, Елена дагы колдоп чыккан. Күйөөсү олку-солку болгон учурда, аялы анын чечими туура экендигине дем берген.

1984-жылы Америка Кошмо Штаттары Чаушеску жубайларды абдан катуу колдошкон: румын лидери социалисттик өлкөлөр жарыялашкан бойкотко кошулбай, курама командасын Олимпиада оюндарына – Лос-Анджелеске жөнөткөн.

Чаушескуну америкалык дипломаттар ар тараптан алдейлешип, ал Москвадан биротоло кол үзсө эски кредиттер боюнча гана жеңилдиктерди алып тим болбой, жаңы кредиттер берилерин убадалашат. Бирок, Чаушеску Вашингтонго көз каранды болуу — советтик блокко мүчө болуудан да оор каамытка айланарын түшүнөт.

Протоколдук фотолордун биринде Раиса Горбачева, Николае Чаушеску, Михаил Горбачев жана Елена Чаушеску катар турушат. Горбачевдун бийликке келиши Чаушеску үчүн бурулуштуу учур болуп калат. Батышка жүз бурган советтик лидер социализм өлкөлөрүндөгү «эски гвардияны» алмаштыра баштайт. Чаушескуга дагы эс алууга кете турган учур келди деп кыйытып айтышат.

Биринчи «түстүү революция»

Елена бул кезде батыштык прессадан румын эли ачка калса да, ал өзү майкөл-сүткөл жыргал жашоодо жүргөнүн билет. «Түстүү революциялар» парады биринчи кадамдарын баштайт. 1989-жылы Румыниянын көчөлөрүндө ок атыла баштаганда Елена Чаушеску өлкөнү таштап чыгып кетүүгө шарты бар болчу. Николае дагы аялы коопсуз жайга барышын каалаган, бирок ал өзү күйөөсүн таштап кеткиси келбейт.

1989-жылы 22-декабрда жубайлар Чаушескулар вертолетте Бухарестти таштап кетишет. Учкуч жолдо баратканда конууга мажбур болот. Анткени жаңы коргоо министри Виктор Стэнкулеску вертолетту президент менен кошо атууга буйрук берет. Алар өлүм жазасына өкүм кылынып, даттанууга 10 күн убакыт берилет. 1989-жылы 25-декабрда Николае менен Елена Чаушескуларды казармадагы солдаттардын дааратканасынын дубалына такап туруп, атып салышат. Дагы үч күндөн кийин кулатылган президент менен жубайынын атылганын румын телевидениесинен көрсөтүшөт.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: