“Мен президенттик башкаруу формасына жана бир мандаттуу парламентке каршымын” – деп билдирди бүгүн, 19-ноябрда депутат Канат Исаев пресс-конференцияда.
Ал 6-чакырылыштын депутаттары сунушталган конституциялык реформаны дагы деле токтото алат турганын, антпесе өлкө орто кылымдарга кайтып келе турганын белгиледи.
Исаев Жапаров жана анын командасы Конституциянын жаңы редакциясынын автору деген пикирин билдирди.
“Ачык айтканда, анын автору Садыр Жапаров. Анткени ал, долбоор даярдалып жатат, сунушталат деп айткан. Бир дагы депутат автор болгон жок. Долбоор президенттин же өкмөттүн аппаратынын дубалында даярдалган окшойт”, – деди Исаев.
Канат Исаев Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн туура мөөнөттөрүн сактап, ошондой эле мындай документти түзүүдө эл аралык стандарттарды эске алуу жана Конституциялык палатадан корутунду алуу зарыл экенин кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ