Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын башчысы кызмат ордуна милициянын полковниги Канат Жумагазиев дайындалды. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Жумагазиев Канат Сагынович -милициянын полковниги. 1977-жылы туулган. 2000-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган.
Ички иштер органдарында 1997-жылдан баштап иштеп келет. Ички иштер органдарындагы кызматын Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт башкармалыгынын милиция полкунун катардагы милиция кызматкеринен баштаган. 1998-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. 2000-жылдан баштап Бишкек ШИИББнин кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыйгарым укуктуу өкүлү, ага ыйгарым укуктуу өкүлү катары иштеген. Чүй ОИИББнин башчысы, Бишкек ШИИББнин кылмыш иликтөө башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин башчысынын орун басары, Чүй облусунун Аламүдүн РИИБнин башчысы, Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин башчысы, Кыргыз Республикасынын ИИМдин 10-башкармалыгынын башчысы катары жогорку жетекчилик кызматтарды аркалаган. 2016-жылдын июль айынан баштап ушул жылдын ноябрь айына чейин Чүй ОИИБнин башчысы кызматында иштеген.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында иштеп жаткан убагында бир катар түзүмдүк сыйлыктарга ээ болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ