Menu

Азыркыдай Жогорку Кеңештин кереги барбы?

Бөлүшүү:

Жакында социалдык түйүндөр аркылуу «Бүгүнкү Жогорку Кеңеште отургандарга ишенесиңби?» деген суроо менен сурамжылоо жүргүзүлдү. Жообу мындай болду, сурамжылоого катышкан респонденттердин 96 пайызы «ишенбейм» деп билдирип, 4 гана пайызы ишеним артыптыр, «эл өкүлдөрүнө»…

ЖК демекчи, эгемендик алгандан бери Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин тарыхында элдин жонундагы «ашка жүк, башка жүк» болгон азыркы депутаттар корпусуна болгондой жек көрүү болбосо керек. Адамзаттын коомунда 18-кылымдын акырында Француз элинин ойчул уулу Монтескье: «Бийликти бир адамдын колуна топтоо элди эч бир прогресске жетиштирбесин, ал үчүн мамлекетте бийликти сот, аткаруу, мыйзам чыгаруу бутактарына бөлүү керектигин өзүнүн «Мыйзамдын духу» аттуу (Дух Законов) фундаменталдуу эмгегинде көрсөткөн. Тилекке каршы 2010-жылдагы жазылган Конституциябыз мыйзамдын духунда эмес кыргыз ашмалтайчылыгынын духунда жазылып, натыйжада ошондон тарта коомдун чыныгы мүдөөсүн көздөбөгөн, улуттук ментальность деген олуттуу нерсе ылайыксыз болуп, мамлекеттик башкаруунун фундаменти жасалма, борпоң түзүлгөндөн пайдаланган эки жүздүү шылуундардан турган курамдагы Жогорку Кеңеш түзүлүп келет. Ошентип, бийлик бутактары таптакыр чакчелекей абалда, тополоңу тоз болуп турган кези. Демек, Баш мыйзам эмес, мансап жана акча үстөмдүк кылды, бул көрүнүштө. Депутаттар мандат алаары менен Конституцияны чала даярдагандыгынан пайдаланып, так жазылган статьяларына көз жумушуп өз билгендериндей бурмалашып анын ашмалтайын чыгарып да бүтүшмөй болду. Буга акыркы эле президенттикке болгон кол тийбестикти алсак болот. Ал кабыл алынган мыйзам бир гана адамга карата, ошо адамдын анын колу бутун тушоо максатында жаралганы сокурга да көрүнүп турат. Жогоруда айтылган олуттуу себептерден улам «азыркы Жогорку Кеңеш таркатылышы керек, эл аларды дагы бир жыл бою багууга болбойт» деп жазышып, ал тургай учурдагы парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатышы тууралуу коомчулукта маселелер көтөрүлүп, кол топтоолор жүрүп жатканы да жөн эле эмес! Кыясы, ачык, адилет оюн түз айта албаган, кааласа ишке келип, каалабаса келбей, кыйратып иш кылбаган Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча жанагы жедеп чыңалуусуна жетип калган кол топтоо маселеси менен дагы эле болсо мүдөөлөрү, көксөөлөрү канбай калган каарман эл таркатканы калды окшойт, ЖКны…

Күлчоро Кабылов

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: