Menu

БУУ: Казакстанда мүмкүнчүлүгү чектелген 15 миң адам обочолонуп жашайт

Бөлүшүү:

Казакстанда майыптар үйлөрүндө жашаган адамдар БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Каталина Девандас Агиларга  зомбулук боюнча арызданышкан. Бул тууралуу ал 12-сентябрда Астанадагы маалымат жыйынында билдирди.

— Майып адамдардын укуктарын коргоо боюнча конвенцияга ылайык, андай адамдар коомдо өз алдынча жашоого укуктуу. Бирок чынында бул чоң көйгөй. Өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген 15 миң адам коом менен байланышпастан, обочолонгон жайларда жашайт. Мындай жайларда зомбулук көрсөтүү учурлары өтө көп байкалат. Мага ушундай маселелер менен даттанышты, — деди Каталина Девандас Агилар.

Анын пикиринде, майып адамдар үчүн жаңы имараттардын курулушу жана учурда курулуп жатышы туура эмес.

— Өкмөткө андай жайларга жаңы адамдарды кабыл алууга мораторий жарыялап, аларды жабуу жана майыптарды коомдун деңгээлинде колдоо системасын өнүктүрүүнү сунуштайм. Атайын жайларда жашоо — эч качан жеңилдик же социалдык коргоонун артыкчылыгы катары каралбашы керек, — деди Каталина Девандас Агилар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: