Menu

Жалал-Абадда январь айында 163 наристе дүйнөгө келди

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында жанырган жылдын биринчи айында жарык дүйнөгө келген ымыркайлар саны 163ү түзгөн. Бул тууралу областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисинин орун басары Хадича Пратова билдирди.

Анын айтымына караганда, быйылкы жылы жаңы төрөлгөн ымыркайлар саны былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге жакын азыраак.

-Быйылкы жылдын биринчи айында төрөлгөн ымыркайлар саны өткөн жылдын ушул мезгилиндегиден аз. А бирок энелердин, ошондой эле төрөлгөн наристелердин ден-соолугу жагынан алганда баары жайында. Аларга өз убагында жардамдар көрсөтүлүп, камкордуктар көрүлдү. Төрөткө чейин да энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенбиз, – дейт ал.

Эскерте кетсек, 2016-жылы шаар аймагында энелер өлүмү катталган эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: