Бүгүн, 22-февралга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 44 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 25, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 9, Талас облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 2, Нарын облусунан – 1 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 85 929га адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 47 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 82 803кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 23, Чүй облусунан – 16, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 6, Баткен облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок. Буга чейин илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1458ге жеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ