Menu

Казакстан Калашников автоматтарын сатып алды

Бөлүшүү:

АК-12 автоматтарынын топтому Армения менен Казакстанга жеткирилди, автоматка Беларус дагы кызыгып жатканын билдирди. Бул тууралуу «Калашников» концернинин директору Дмитрий Тарасов маалымдады.

Тарасов Бириккен Араб Эмираттарында өткөн курал-жарак көргөзмөсүндө журналисттерге: «АК-12де 5,45 калибриндеги ок колдонулгандыктан, дал ушул калибрдеги окту пайдаланган жакынкы чет өлкөлөр кызыкчылыгын билдиришүүдө», – деди.

20-февралда АК-12 менен АК-15 экспортко чыкканы кабарланган. АК-12 – аскердик, АК-15 – атайын бөлүккө ылайыкташтырылган автомат.

«Калашников» концерни көзгө атарлардан тартып, автомат, замбирекке чейинки аскердик курал-жарактарды өндүрөт. Мындан тышкары концерн мергенчилик, спорттук винтовкаларды, мотоциклдерди да сатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”kalashn

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: