Menu

Мирзиёевдин жол кырсыгына кабылган күйөө баласы чет өлкөдө дарыланууда

Бөлүшүү:

«Эркин Европа» радиосу өз булактарына таянуу менен президенттин коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары 36 жаштагы Отабек Умаров атайын медициналык учак менен чет өлкөдөгү клиникалардын бирине жеткирилгенин жазды.

Маалыматка караганда, 13-февралда аварияга кабылган Отабек Умаров 15-февралда атайын каттам менен алгач Москвага, андан соң Түштүк Кореяга жеткирилген.

Соцтармактарда президенттин кенже күйөө баласы Отабек Умаровдун бир миллиондон ашык катталуучусу бар. Алардын көбү бир жума аралыгында анын тезинен сакайып кетишин каалаган тилектерди жазышкан. Бирок Өзбекстандын расмий жана бейрасмий басылмалары Отабек Умаровдун аварияга кабылышы жөнүндө маалымат берише элек.

Буга чейин «Эркин Европанын» булактары жол кырсыгына кабылган Мириёевдин күйөө баласына Германиядан жеке учак келгенин кабарлашкан. Учак Москвага учкан.

Маалыматка караганда, Отабек Умаров Түштүк Кореяда дарыланууну каалаган. Ал 2012-2016-жылдары Сеулда иштеген, корей тилинде эркин сүйлөйт.

VIP бейтаптарга эскорт кызмат көрсөткөн компаниянын (Air Ambulance) билдиришинче, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн Европага атайын учак менен оорулуу жөнөтүү 30 миңден 90 миң долларга чейин турат. Ушундай эле баа Өзбекстанга да тиешелүү.

13-февралда Ташкентте Отабек мотоцикл минип баратып, кырсыкка кабылганы тууралуу кабар тараган. Президенттин кичүү күйөө баласына шаардык ооруканада алты саат операция жасалганы айтылууда. Анын оң буту үч жеринен сынып, сөөктөрү майдаланып кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: