Menu

Душанбе Багдад балдар үйүндөгү тажикстандык жетимдердин туугандарын издөөдө

Бөлүшүү:

Орусия бийлиги Душанбеге Багдаддагы балдар үйүндө жашаган үч баланын тек-жайын тактоо өтүнүчү менен кайрылды. Аларды Мосул шаарын “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочуларынан бошотуу маалында Ирактын борборуна чыгарып кетишкен. Тажикстан ИИМи кабарлагандай, үч бала тең тажик тилинде сүйлөйт.

Тажикстан ИИМинин маалымат катчысы Умарджони Эмомали үч баланын тек-жайын тактоо жана алардын туугандарын издөө боюнча Москвадан кат келгенин тастыктады. “Бирок бул узак иш. Анын үстүнө балдардын экөө ата-энелери жөнүндө эч нерсе айта алышпайт”,-деди ал. Учурда Египетте төрөлгөн Марьям аттуу кыздын ата-энесин издөө иштери жүрүүдө. Анын атасы – тажик. “Биз акыркы он жылда Египеттен чыгып кеткендердин тизмесин түзүп жатабыз, кыз болсо болжол менен 7-8 жашта. Анын сүрөтүн Ирак жана Сириядагы жоочулардын туугандарына көрсөтүп жатабыз”,-деди Умарджони Эмомали.

Тажик чиновниктеринин Ирак бийлиги менен байланышууга мүмкүнчүлүгү жок. Буга байланыштуу тажикстандык жетимдердин тегин тактоо үчүн укук коргоо органдары Орусиянын Ирактагы элчилиги менен кызматташууда.

Расмий маалыматтар боюнча, 250 тажик бала Ирак жана Сириянын согуш аймактарында жүрөт. Тажикстан бийлиги аларды ата-энелери менен бирге мекенине кайтаруу үчүн аракет көрүп жатканын маалымдоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: