Menu

Өкмөттөн тендерлерге кимдер кызыкдар? Асфальттын астында калган акчалар…

Бөлүшүү:

Буга чейин Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун реконструкциялоо жаатында афералык иштер болуп атканы, буга өкмөттүн тиешеси бар экени айтылып келген. Эми бул боюнча ачык маалымат чыгып, коомчулуктун бүйүрүн кызытып туру. 

Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоо боюнча 2015-жылдын октябрь айында тендер өткөн. Болуп өткөн тендердин жүрүшүндө одоно мыйзам бузуу фактылары аныкталгандыгын Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан түзүлгөн комиссия да аныктаган. Октябрь айында өткөрүлгөн убакта тендерди юстиция органынан каттоодон өтпөгөн кытайлык фирма утуп, качан гана тендерди утуп алган соң, ноябрь айында гана атайын органдардан каттоодон өтүп, декабрь айында гана жол курууга 3-даражадагы лицензия алган. Эл өкүлү Канатбек Исаев өз убагында буларды билдирген: “Негизи стратегиялык багыттагы жолду курууга 2ден кем эмес даражадагы лицензияга ээ компания утуш керек эле.Ал эми 3-даражадагы лицензия жолдун уңкур-чуңкур, тешиктерин жамап-жаскоого гана берилет. Кызыгы, LONGHAIатту Кытайлык фирма лицензиясы жок туруп эле тендерге катышып, андан өткөн сон гана лицензия алып отурат. Болгондо да 3 даражадагы лицензия. Бүгүн аталган жолду тийиштүү лицензиясы жок Кытай фирмасы куруп келе жаткандыгы өкүнүчтүү”.

Ал эми ошол отурумда комиссиянын дагы бир мүчөсү Өмүрбек Текебаев “Аталган Кытайлык компаниянын өкүлү Азамат Жунушалиев деген жигит сиздин айылдашыныз экени чынбы?” деп Малабаевге суроо бергенде, министр мырзанын “айылдашым экени чын. Аны кокустан билдим” деп жооп бергени да кызык болууда. Албетте, кокустуктар болот, бирок мындай чоң акчалар айланган жердеги кокустуктар көптөрдү ойлонтуп коюда. Баарынан кызыгы, өзүбүздүн атамекендик фирмалар 1 миллиард 200 миллион сомго арзан жол куруу сунуш кылганына карабастан, 1 миллиард 200 миллион сом кымбат берген Кытайдын фирмасы утту деген тендердик комиссиянын мүчөлөрү чечим кабыл алышкан.

Мамлекетке олчойгон зыян келтире турган мындай шектүү тендердин артында кимдер турат, мына ушу кызык болуп атат? Өкмөт башы кайда карап жүрөт? Бул чырдын учугун териштирген өкмөттө өкүлдөр барбы деги? Баса, кечээ Ысык-Көлдүн тургундарыбыз деп бир ууч топ митинг сыяктуу чогулуш өткөрүп, “Исаев менен Текебаев мырзалар, мыйзамсыз тендерден колуңарды тарткыла, жолдун курулушуна тоскоол болбогула” деген сыяктуу чакырыктар ташталган виделор пайда болду.

Сокур кишиге деле көрүнүп турат, бул митинг сыяктуу болумуш эткен жыйындын өтүшүнө кимдир бирөөлөр кызыкдар экенин. Балким өкмөт башы Темир Сариев өзү болуп жүрбөсүн? Же Малабаев айыбым ачылып калды деп жанталашып карапайым адамдарды колдонуп атабы? Карапайым жашоочулар тендер деген жети баштуу желмогуз экенин аки-чүкүсүнө чейин кайдан билишсин? Айтор, өкмөттөгү алешем иштер казынаны да кургуйга түшүрмөй болду окшойт…

Алга Адилетов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: