Menu

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Алыкулов Тыныбек Маматжанович кайтыш болду

Бөлүшүү:

Алыкулов Тыныбек Маматжанович

Кыргыз Республикасынын коомчулугу оор жоготууга учурады. 2016-жылдын 30-мартында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Алыкулов Тыныбек Маматжанович 57 жаш курагында кайтыш болду.

Тыныбек Алыкулов 1959-жылдын 25-мартында Жалал-Абад облусунда туулган. К.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүрүп, “инженер-гидротехник” адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун 1985-жылы “Ошмелсуучарба” тресттинин Ленин Механизацияланган көчмө колоннасында мастер, прораб, учаска башчысы болуп баштаган. 1993-1996-жылдары Жалал-Абад облусунун Суу курулуш башкармалыгында башкы инженер болуп иштеген.

Тыныбек Алыкулов 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл өкүлдөр жыйынынын биринчи чакырылышына депутат болуп шайланып, анын Өндүрүш, курулуш, транспорт, энергетика жана байланыш комитетин жетектөө менен, мамлекеттин мыйзам базасынын чыңдалышына чоӊ салым кошкон.

1998-жылы Кыргыз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министри, 2000-2010-жылдары Чүй облусунун Бассейндик суу чарба башкармалыгынын жетекчиси болгон. Андан соӊ, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Курулуш департаментинде иштеген. 2011-жылы “Нарынгидроэнергокурулуш” ААК Директорлор кенешинин төрагалыгына шайланган. Ал эми 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын түштүк региону боюнча координатору болуп эмгектенген.

Тыныбек Алымкулов кыргыз элинин чыгаан инсаны болгон. Ал бүт өмүрүн коомдук жана мамлекеттик иштерге арнап, эл үчүн ак эмгек өтөдү. Чынчыл, эмгекчил жана айкөл инсан катары, анын ишмердиги- Мекенге ак кызмат кылуунун жогорку үлгүсү боло алат.

Алыкулов Тыныбек Маматжановичтин жаркын элеси ар дайым биздин жүрөгүбүздө сакталат.

 

Жээнбеков А.Ш., Сариев Т.А., Алимбеков Н.К., Өмүрбекова А.С. Карашев А.А., Панкратов О.М., Кудайбердиева Г.К., Турсунбеков Ч.А., Бабанов Ө.Т., Исаев К.К., Төрөбаев Б.Э., Сулайманов А.Т., Текебаев Ө.Ч., Өмүркулов И.Ш., Артыков А., Ниязов Ф.А., Ешмамбетов Р.Б., Момуналиев Н.С., Жээнбеков С.Ш., Шайлдабекова Н.К., Кадыралиев А.Ж., Бекбоев Т., Атаджанов С.С.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: