Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Биринчи Май райондук сотунда уланып жаткан соттук процессте айып тагылып жаткан экс-депутат Садыр Жапаров анын баш коргоо чарасын кароо учурунда айтты.
– Мага козголгон кылмыш иши чымындай, а менин көтөргөн маселем тоодой. Мени өлкөдөн куусаңар да кетпейм. Мен кылмыш жоопкерчилигинен качпайм, – деди Жапаров. Мамлекеттик айыптоочулар болсо анын өзгөчө оор кылмыш боюнча соттолуп жатканын айтышып, жактоочулардын Жапаровго карата баш коргоо чарасын өзгөртүп үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчүнө каршылык көрсөтүштү.
Булак: “Каганат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ