Menu

Өзбекстанда принтерден акча чыгарган аткаминер кармалды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда Жаштар биримдигинин Касбий райондук бөлүмүнүн 24 жаштагы жетекчиси акчаны принтерде чыгарып келгени аныкталды.

УзА агенттиги билдиргендей, аткаминер кийим тигүү цехин ижарага алып, акчаны “EPSON” үлгүсүндөгү түстүү принтерден чыгарып турган. Ал 50 миң сум (5 доллар) номиналындагы 172 купюраны чыгарууга жетишкен. Дагы 84 купюра принтерден чыгарууга даярдалган.

Жасалма акча укук коргоо органдары жүргүзгөн операциянын жүрүшүндө аныкталды.

Жаштар биримдигинин Касбий райондук бөлүмүнүн жетекчиси кармалды. Ага карата кылмыш иши козголду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: