Соль-Илецкте (Россия Федерациясынын Оренбург облусу, Казакстан менен чектеш жерде) калып калган кыргыз жарандарын дагы деле алып кетише элек. Бул тууралуу журналисттерге бүгүн, 4-майда айдоочулардын биринин жубайы Мария Бурховецкая билдирди.
Анын айтымында, мекендештер автобустар менен камсыз болушу керек болчу. Бирок Кыргыз Республикасынын Оренбургдагы Башкы консулдугу бул маселе дагы деле чечиле элек деп билдирди.
“Эмне үчүн бизди алдап жатышат? 30-апрелдеги парламент жыйынында депутаттар казак тарап коридор түзүүгө макул болгонун, бирок адамдар поезд менен гана кете тургандыгын билдирди. Эч ким унаа менен кете албайт. Бирок адамдар автоунааларды унаа токтотуучу жайга калтыруудан коркуп жатышат. Алардын ар бирин өткөрүү 400 доллар турат. Биз эмне кылабыз? Мамлекет автоунааларды алып келиш үчүн акча төлөөдөн баш тартты”, – деди Мария Бурховецкая.
Оренбургдагы консулдуктан кабарлашкандай, алар учурда автобустарды издеп жатышат, ошондой эле казак бийлиги менен дагы сүйлөшүүлөр уланып жатат.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Россиянын Оренбург облусунда Казакстанстан менен чектеш жерде Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасынын ачылышын күтүп жаткан 67 автоунаа жана Кыргызстандын 110 жараны бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ