Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда окуучу бала сабалып, ооруканага түшүп, дарыланууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, окуя 24-октябрда, Жалгыз-Жаңгак айылындагы №10 Көк-Арт орто мектебинде болгон. 9-класстын окуучулары мектептин коридорунда классташын уруп койгон. Жабыркаган окуучу ооруканага түшүп, соттук-медициналык экспертиза жүрүп, денеси жеңил жараат алганы аныкталган. “Ээнбаштык” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, сегиз окуучу жана эки мугалим суракка алынган. Иш сотко өткөнү турат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ