Ар качан бирде хохма, бирде чуу менен жүргөн айтылуу Турсунбек Акун ар качан элди эриктирбей келет. Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевди элдештирүү ниетин билдирди. Анткени, анын айтымында эки гана досу бар экен. Алардын бири Атамбаев болсо, бири Текебаев тура. Албетте, бул ниети бир чети абдан туура. Достук парз. Бирок, Тукебиз бул жерден да “хохмасыз” калтырбады. Өз сөзүндө “Атамбаев кызматтан кетип жатат, Текебаев болсо түрмөдө отурат. Мен досумду колдошум керек, ошондуктан Сооронбай Жээнбековду колдоого мажбур… ой чечтим”- деп коомчулукту бир жылмайтты. Бул мажбур болгон чечимин сыйласын деп атабы айтор, ажо Алмазбек Атамбаев кең пейилдүүлүгүн көрсөтүп, Өмүрбек Текебаевди кечирүүсү керектигин билдирди. Досу Тукебиздин кебин угаар бекен?
Булак: «Майдан.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ