Menu

Инвестициялык абалыбыз 69% өстү

Бөлүшүү:

2019-жылдын биринчи алты айылыгында Кыргызстанга чет элден келген түз инвестиция 59,4% түзүп, 593,7 млн. түзгөн. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдайт. Муну менен катар агылып чыгуусу 120,7 млн.$ түзгөн. КР бардык региондоруна
түшкөн инвестициянын көлөмү 2019-жылдын биринчи жарым жылдыкта 75,7% түзгөн. Ал эми 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында 52,2% түзгөн. Муну менен катар региондорго бөлүнгөн инвестиция 25,5% өскөн. Тартылган инвестициялардын
структурасына карата, түз чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү мурдагы мезгилдегидей эле (98 пайызга жакыны) геологиялык чалгындоого (44,6 %), иштетүү өндүрүшүнө (27,1 %), пайдалуу кендерди казууга (9,9 %), маалымат жана байланыш
тармактарына (5,6 %), дүң жана чекене соодага (5,5 %), ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө (5,5%) багытталган. Мында, геологиялык чалгындоого багытталган инвестициялардын көлөмү 5,6 эсеге 48 миллион АКШ долларынан 175 миллион АКШ долларына чейин, иштетүү өндүрүш ишканаларына – 2,7 эсеге 40 миллион АКШ долларынан 107 миллион АКШ долларына чейин көбөйгөн. Ошол эле убакта пайдалуу кендерди казып алуучу ишканаларга инвестициялар 1,8 эсе 69 миллион доллардан 59 миллион АКШ долларына чейин, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө – 1,4 эсеге 29 миллион доллардан 21 миллион АКШ долларына чейин төмөндөдү.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: