Menu

Элвира Сурабалдиева, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Парламент көп жерден сынга татыктуу болуп калдык”

Бөлүшүү:

– Элвира Жыргалбековна, сиз Алмамбет Шыкмаматовдун парламентти таратуу тууралуу сунушун популизм катары мүнөздөдүңүз. Эмне үчүн антип ойлойсуз?

– Азыр эле мен БШКдан 2015-2016-жылдарда өткөн шайлоолордун чыгымдарын сурадым. Эгер ал бюджетке салынбаган болсо, болжол менен 400 млн. сом болуп атат. 2019-жылдын бюджетине да салынбаганын эске алсак, билесиздерби, кандай сумма чыгат? Аны социалдык чыгымдардан, мугалимдер менен медиктердин айлыгынан, же пенсиялардан алууга туура келет. Бул акчалар кайсы бир жерден алынышы керек да. Андыктан, мен бул сунушту элге жагынуу катары эсептейм.

– Элге жагынуубу, же зээни кейип, жаны кашайгандан айтылган сөзбү?

– Алмамбет байке абдан тажрыйбалуу саясатчы. Башынан көп нерсе өткөн. Революцияга катышкан депутаттардын бири да. Булар элдин маанайын көрүп, сезип турушат. Сиз айткандай реакция жок. Ал коомдо эмне болуп жатканын жакшы түшүнөт.

– Бирок, эл парламенттин ишмердүүлүгүнө анчалык канааттанбаганын моюнга аласызбы?

– Ооба, мойнума алам. Көп жерден сынга татыктуу болуп калдык. Мыйзамдар парламенттен өткөндөн кийин артка кайткан бир топ мисалдар болуп калбадыбы. Кемчиликтер бар.

Аттонур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: