№ 17 үй-бүлөлүк медицина борборунун дагы бир дарыгери Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Гүлнара Ташибекова журналисттерге билдирди.
Анын айтымы боюнча, клиниканын дагы бир кызматкери – медайымда COVID-19 тастыкталган.
Эскерте кетсек, буга чейин №17 ҮМБнын төрт дарыгери коронавирусту жуктуруп алышкандыгы белгилүү болгон. Оорукана жабылып, бардык кызматкерлер изоляцияда.
Гүлнара Ташибекова буга чейин № 17 ҮМБнын дарыгерлери Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери менен байланышкандыгын маалымдаган. Кийинчерээк ҮМБнын дагы эки дарыгеринен коронавирус тастыкталган.
Саламаттыкты сактоо министрлиги да, республикалык штаб дагы №17 борбордо жаңы жуккан дарыгерлер жөнүндө маалымат берген жок. Бүгүнкү күндө аталган борбордун 7 кызматкери коронавирусту жуктуруп алышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ