Menu

Сурамжылоо: “Президент Алмазбек Атамбаевди «басма сөз эркиндигин муунтуп жатат» деп сындашууда. Сиз буга кошуласызбы?”

Бөлүшүү:

Өмүрбек Абдрахманов, экс депутат: «Баарын эле Атамбаевден көрө бербей ким бийликке келгиси келсе, мамлекетти өнүктүрүүнүн жолун издеп программалары менен алектенсин»

— Сөз эркиндиги муунтулуп жатат деп деле эсептебейм. «Сөз эркиндиги муунтулуп жатат, эч ким эч нерсени сүйлөй албай калды»- деп кыйкырып жаткандардын баардыгы эптеп эле бийлик кулап кетсе анан бийликке барып бир креслону кучактап олтуруп калсам деген курулай популисттер. Мен эч качан Атамбаевге жан тартып сүйлөбөйм. Муну менен деле Атамбаевди колдоюн деген ниетим жок. Бирок, ошол бийликке келгиси келип же кичине башына иш түшсө эле бакырып чыга калгандар атайын Кыргызстанды кандай жол менен гүлдөтүп жиберүүчү платформасын алып чыгып элге тааныштырышса анан ошого бийлик каршы болуп камап салса анда айтса жарашат эле. Курулай кыйкыргандардын бийликтеги жасаган иштерин көрүп жатпайлыбы. Мисалы Алмазбек Атамбаев «мен болду, бийликтен кетем»- деп жатат. Бул деле жакшы нерсе. Себеби жаңы Конституция боюнча ал өзүнө ылайыктап туруп бийликте деле кала берсе ким эмне кылып алмак. Эч ким эч нерсе кыла албайт. Ошондуктан баарын эле Атамбаевден көрө бербей ким бийликке келгиси келсе, мамлекетти өнүктүрүүнүн жолун издеп программалары менен алектенсин. Мындай сөз эркиндигине кысым деп айтылган сөздөр баардык бийликтин тушунда айтылып келген, айтыла берет.

Турсунбек Акун,  укук коргоочу: «Акаев менен Бакиев деле журналисттерге кысым кылган бирок мынчалык болгон эмес»

— Муунтуп жатат деп айтпайм, болгону ал кысым көрсөтүп жатат. Кысым көрсөтүп жатат десең толугу менен кошулам. Анткени миллиондогон айып пулдарды салдырып, сотко бердирип, иш козгоп жатат. Атамбаев түздөн-түз көрсөтмө бербесе дагы соттор, укук коргоо органдары анын колунда болуп жатканы эч кимге жашыруун эмес. Азыр прокуратура дагы президенттин алдында көз каранды. Атамбаев ушинтип сүйлөп жатса алар буйрук боло электе эле, соттоп тергеп башташат да. Атамбаев акыркы эки жылга чейин көп жакшы иштерди жасаган. Таптакыр эле жаман иштеди дебейм. Көчмөндөр оюнун өткөрдүк, үркүндүн жүз жылдыгын өткөрдүк, жолдор салынып жатат, электр тармагында маселе чечилип жатат. Акаев менен Бакиевге салыштырмалуу Атамбаев көп иштерди жасаган. Бирок акыркы убактарда оюна келгенди сүйлөп, элдердин аброюна шек келтирип өзүнүн авторитетин түшүрүп, мурдагы иштеринин баарын жууп салууда. Акаев менен Бакиев деле журналисттерге кысым кылган бирок мынчалык болгон эмес. Кечээ эле Конституцияны өзгөртүү алдында Жогорку Кеңеш тарабайт деп жаткан. Бүгүн болсо теңирден тескери кетип тарап кетсин деди. «Азаттык» радиосу жөнүндө премьер-министр кезинде айткан пикирин уктук. Абдан жакшы айтыптыр. Эми кайра айнып «Азаттыктын» банктык эсептерин каматып салууда. Ушул кантип болсун.

Равшан Жээнбеков, экс-депутат: «Бүгүнкү күндө бийликтин чыдамы кетип, эмне кылаар айласын таппай, акчалай доого жыгып, акча аркылуу, массалык маалымат каражат аркылуу жаап, ооздорун басалы деген аракеттер болгонун көрүп жатабыз»

— Туура албетте. Бул атайылап мамлекеттин эң жогорку бийлигинде олтурган адам өзүнүн бийлигин, кол алындагы сотторун, укук коргоо органдарын, массалык маалымат каражаттарын пайдаланып, ага жакпаган, аны сындаган массалык маалымат каражаттарын муунтканга аракет кылып жатат. Мындан сырткары аябагандай көп суммадагы доого жыгып жапкандын аракетин көрүүдө. Бул бизге окшогон авторитардык мамлекеттерде гана болушу мүмкүн. Демократиялык мамлекеттерде президенттер, премьер-министрлер жана анын жакындары адатта массалык маалымат каражаттарын сотко бербейт. Өзгөчө алар сындаган учурларда. Бизде бул бүгүнкү күндө бийликтин чыдамы кетип, эмне кылаар айласын таппай, акчалай доого жыгып, акча аркылуу, массалык маалымат каражат аркылуу жаап, ооздорун басалы деген аракеттер болгонун көрүп жатабыз. Бул абдан өкүнүчтүү нерсе.

Адилет Калыгулов, «Эгемен» сайтынын башкы редактору: «Кайсыл бир күчтөр, топтор Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргомуш этип, «башкалардын оюн, пландарын» коргоп, аны ишке ашырып жатышат»

— Сөз эркиндиги — ​демократиянын башкы атрибуту. Ансыз демократиялык саясый система өз функциясын аткара албайт. Тилекке каршы сөз эркиндиги кээ бир демократтык коомдо да абсолюттуу болбойт. Сөз эркиндигин эки тараптуу карасак болот. Ал абсолюттук чындыктын айтылышы, анан ушак-айың, калп нерселерди чындыктай кылып бурмалоо. Жалпылап алсак, басма сөз эркиндигин массалык маалымат каражаттарынын көз карандылыгы эмес, өлкөдө жарандарга түрдүү маалыматтарды эркин алуу укугу менен пайдаланууга мүмкүндүк берген, көп сандаган түрдүү багыттагы басма, радио-теле компанияларынын болушу камсыз кылат. Өз алдынча алынган маалымат каражаттарын толугу менен эркин деп эсептөөгө болбойт. Өлкөбүздөгү «сөз эркиндиги» тууралуу айтсам ооба, бизде бул эркиндик бар. Бирок, ошол эркиндикти колдонуу ыкмасы, багыты башкача өңүттө ишке ашып жатат. Аша чаап кетмей, калп-чыны аралашып аягы сөздүн баркы кете баштады. «Эркиндикке» шылтап улууга урмат, кичүүбүзгө ызат дегенди унутуп баратабыз. Ага улай айтылган сөздөргө жоопкерчилик да ымалашбай баратат. Мамлекетте сөз эркиндиги да, туруктуулук да, ынтымак жана мыйзамдуулук да болушу керек. Анан албетте, сөзсүз ТАРТИП болуш керек. Ошондо сен сөзүңдүн гана эмес, өзүңдүн да укугуңду коргой алчу мамлекеттин түзүлүшүнө салым кошкон болосуң. Учурдан пайдаланып айтып койгум келет, кайсыл бир күчтөр, топтор Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргомуш этип, «башкалардын оюн, пландарын» коргоп, аны ишке ашырып жатышат.

Дайырбек Орунбеков, журналист: «Бүгүн, ушундай адилетсиздиктин жеткен чеги келди. Баарын катары менен сотко сүйрөп, мүлкүн камакка алып жатат»

— Сөз эркиндигин бүгүн эле муунтуп жаткан жок. Мурда эле кысым башталган. Президент мени 2 млн сом доого жыгып, бүт ММКлар аркылуу кечирим сурап, жазганыңды төгүндөйсүң деп, эми каматам деп жатат. Президенттин шопуру Икрам Илмиянов коомдук ишмер, журналист Уран Ботобековго 1,8 млн сом доону мойнуна илди. Сот, башкалардын кадыр-баркын коргоодо миллиондоп доо талап кылса да, аз тыйын чечим чыгарса, булардын кадырын миллионго баалап эки жүздүүлүк кылды. Бүгүн, ушундай адилетсиздиктин жеткен чеги келди. Баарын катары менен сотко сүйрөп, мүлкүн камакка алып жатат. Азыр, баары сөз эркиндиги маанилүү экенин түшүнүп жапа тырмак каршылык көрсөтүүгө киришти. Ал тургай бир кезде сөз эркиндигине кыянаттык кылгандар, Атамбаевди мактап колдогондор дагы анын туура эмес экенин эми түшүнүштү окшойт. Такыр эле сөз эркиндиги жок деп айтуудан алысмын, КТРК, «Эгемен» деген былжырбай сайттарга эркиндик бар. Каалагандай былжырап жатышат.

Адилет Айтикеев, журналист: «Атамбаевдин бийлиги демократияга жана сөз эркиндигине каршы абдан ыплас аракеттерди жасап келе жатат»

— Президент Алмазбек Атамбаев сөз эркиндигин муунтууну мындан үч жыл мурун эле баштап алган. Тагыраак айтканда 2014-жылы ошол кездеги парламенттин 5-чакырылыштын депутаттары кылмыш кодексинин 329-беренесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча токтомду кабыл алышкан. Ошого байланыштуу атайылап деген жалган маалымат тараткандыгы үчүн беренени киргизишкен. Анын негизинде журналисттерди атка минерлер жөнүндө туура эмес жазгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ал мүмкүнчүлүктү биринчилерден болуп азыркы кездеги оппозициянын лидери болуп камакта жаткан Өмүрбек Текебаев өзү баштап, мыйзамга президент июнь айында кол койсо, ал киши август айында менин үстүмдөн Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып «Адилет Айтикеев деген журналистти камап сот жообуна тартууңуздарды өтүнөм» деген билдирүүсүн калтырган. Ошол кездеги ШИИБинин тергөөчүсү Аида Капарованы кысымга алып, качан камайсыңар, качан кылмыш ишин козгойсуңар деп бир топ басымдарды жасаган. Мына ошол кезден сөз эркиндигин муунтуу аракети башталган. Андан кийин жакындан баштап «Азаттык», «Заноза» сайттары дагы жазаланып жатышат. Мына ушул кезде бийлик журналисттерди эки жикке бөлүп салды. Тилекке каршы журналисттер сөз эркиндиги, демократияга кызмат кылгандын ордуна жарым-жартылай бийликти жактап, калгандары бийликке каршы чыгып эки топко бөлүнүп калды. Бийликке каршы сын жазган журналисттердин баарын «силер ушакчысыңар, бийликтин жасаган иш аракетин көргүңөр келбей жатат. Кыргызстанда чыр-чатак чыгаргыңар келип жатат»- деп бийликтин акырынан жем жеген журналисттер тынбай бизди мазактап, ар кандай акцияларды уюштуруп келишкен. Мисалы Улан Эгизбаев, Жакшылык Бердибек уулу, Адилет Калыгулов деген жигиттер «Анти Өрдөк» деп Дайырбек Орунбеков экөөбүзгө каршы акция өткөрүшкөн. Азыр партиялашы тарабынан кысымга алынып жаткан Жанар Акаев дагы бир кезде бизди булар ушакчылар деген мазактаган сөздөрдү айтып келишкен. Азыр алар сөз эркиндиги канчалык бизге маанилүү экендигин, сөз эркиндиги өтө коркунучтуу абалга кептелгендигин мына ушунун баардыгын кеч болсо да түшүнгөндүгү өтө жакшы. Буга чейин болуп көрбөгөндөй доо арыздар жүрүп жатат. Кандайдыр бир ойлонулбаган, атайылап жасалган иш аракеттер жүрүүдө. Акаев менен Бакиев убагында дагы «Азаттык» радиосунун теле берүүлөрүн бууп салган учурлар болгон. Бирок алардын банк эсептерин эч ким эч качан камакка алган эмес. Негизи эле Атамбаевдин бийлиги демократияга жана сөз эркиндигине каршы абдан ыплас аракеттерди жасап келе жатат. Булардын бийликке келгендеги максаты кан төгүп бийликке жетип алсак, анан каалашыбызча башкарабыз деген ой менен келишкен. Ошол максаттарына жетип бүгүнкү күндө каалагандай хан болуп жатат. Атамбаев бул аракети менен кыргыз мамлекетинин түбүнө жетиши мүмкүн.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: