Menu

АКШ өлтүргөн Иран генералы Сулеймани учурунда аял министрди эмнеге аттырган эле?

Бөлүшүү:

Фарруху Парса – врач, мугалим, Ирандын билим берүүдөгү алгачкы аял министри. 1963-жылы Парса Иран парламентине депутат болуп шайланып, шах Пехлевиге ирандык аялдарга добуш берүү укугун берүү өтүнүчүн келтирип келген. 1968-жылы билим берүү минстри болуп дайындалган.

1979-жылы Иранда ислам революциясы болуп, шах Мохаммед Реза Пехлеви өлкөдөн чыгып, бийликке аятолла Хомейни келет. Ошондо Парса айым башына жоолук салынуудан баш тартып, камакка алынып, түрмөгө олтургузулат. Жаңы бийлик ага “күнөөлөрдү жайылтып, Аллахтан баш тартканы үчүн” деген айып тагат. Парса өзү бул жөнүндө минтип жазган: “Мен – врачмын, ошондуктан өлүмдөн коркпойм. Атүгүл ажалымды кучак жайып тосуп алам. Күч менен жүзүмдү чүмкөгөндөн көрө, өлүм артык. Мен эркектер менен аялдардын тең укуктуу болушу үчүн күрөшүм келгем, эми буга каршы турган жаңы бийликке чөгөлөп бербейм. Мен хиджап кийгенге жана тарых жолунда артка кадам таштаганга даяр эмесмин”.

Фарруху Парса айымдын көз карашы өзгөрбөй койгондуктан, 1980-жылы 8-майда атылган. Принцибинен тайбаган бул айымды атууну дал ушул Сулеймани талап кылып туруп алган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: