Menu

АША “ажыдаарды” жеӊдиби же “ажыдаарга” айландыбы?

Бөлүшүү:

Мына так ушул соболго аныктаманы коомдук ишмер Орозбек Молдалиев конкреттүү бериптир.

“Алты жыл мурун Алмазбек Атамбаев президенттикке ат салышып жатканда “Эгерде бийликке келсем, ажыдаар болбойм”,- деп Чыгыш Азия элдеринин мифологиясындагы “өлбөс ажыдаар менен кенч” жөнүндөгү уламышты эске салып, убада берген. Бирок ал бийликке кумар болуп, ажыдаарды жеңе алган жок; президенттик шайлоо боюнча мамлекет башчысы катары калыс, бейтарап  позицияда тура албады. Башкасын айтпаганда да кечээки КСДПга үзөңгүлөш “ата  мекенчилер” кыргый тийген чилдей акыбалга кабылды. Өткөөл мезгилдеги президент Р.Отунбаева белгилегендей, бүгүнкүгө чейинки өлкөдөгү бардык жетишкендиктердин бир эле автору бар болуп чыга келди”,- деп жылаӊач төөнү бучкакка чапкандай айтып берди. Эми буга учурдагы ажону жактоочулар менен мактоочулар эмне дешээр болдукен? “Жок, ал ажыдаарды  өлтүрдү”- дешеби? Анда анын “өлүгүн” көрсөтүшү керек болуп калат да.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: