Menu

Министрге беш жолу кат жаздык, бирок жооп болгон жок

Бөлүшүү:

КР ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге

Кайрылуу

Кыргыз милициясынын иштөө жана жашоо шарттары жаман дегенге болбойт. Себеби, милиция кызматкерлеринин 80-90 %нын менчик машиналары бар. Мамлекет арзан курорт, санаторий жана балдарына лагерлерди салып берген. Ошондой эле ар түрдүү жеңилдетилген колдоолор бар. Бекер турак жайлары жана жер тилкелери берилип турат. Таш ыргытсаң генерал, полковник, подполковник деген чиндердин башына түшөт. Чиновниктердин айлыктарына жана пенсияларына сөз жок. Демократиялуу коомдо мыйзамдуу алдамчы жана аферисттер пайда болууда. Көбүнчө кары-картаң ата-энелер, кыз-келиндер жана балдар адамчылардын торуна түшүшөт. Айласы кеткенде милицияга кайрылышат. Ошондо «мени милиция коргойбу, же кордойбу?» теген ой келет. А бирок, эл арасында милицияга ишенбеген адамдар өтө көп экен. Көбүнчө карапайым адамдар. Мыйзамда тергөө бөлүмү ИИМге өткөрүлгөн. Ал эми прокурор көзөмөл болуп, четке чыгып калыптыр. Милициялар тартип сакчысы болсо болмок. Тергөөнү прокурор дагы жүргүзсө, эл чындыкка тез жетмек. Булардын кылган иштеринин жаман жагы көп болуп, жакшысы аз болуп, көрүнбөй калууда. Шаарда жана райондо начальник жана замначальниктери тез-тез алмашып турат. Ошондуктан, тергөөчүлөр иштерин аягына чыгарбай шылтоо айтып жүрө беришет экен. Кээ бир тергөөчүлөр 500 сом уурдалган ишке бир айдын ичинде кылмыш иш ачып коёт. Ал эми көп суммадагы алданган адамдардын иштерин созуп жүрө берет. Мындай иштерди радио, теледен көрсөтүп жатса деле милиция адистери бири-бирин «жаман» дебей, «сүттөн ак» деп башка райондорго орун которуп коюшат. «Министрге берем, силер ишти карабай атайлап созуп жатасыңар» десең, «кимге барсаңар ошого баргыла, бирок, унутпагыла кайра өзүмө келесиңер» деп коркутушат. Айрымдары, чынында эле жогоркуларга барсаң кабыл албайт.

«Тамчы ташты жарат» дегендей, министрдин кабылдамасында аты-жөнү жазылбаган пенсионер эже бар. Арыздарды ушул аял каалагандай жасап, министрге жеткирбейт. Министр Кашкар Жунушалиевге киргенге уруксат бербейт. Биз министрге беш жолу кат жаздык, акыркысын заказной кылып да жаздык, бирок, жооп болгон жок. Элди кабыл албаса, анда ал кайдан билет кызматкерлеринин жаман же жакшы иштеп жатканын? Бир күндө же бир айда бүтө турган ишти айлап-жылдап, аз дегенде 4 жыл, көп дегенде 11-12 жылга чейин созуп жүргөн кызматкерлерин көрүп, «ушундай демократияга тойдук» деген кыргыз жарандары миндеп, жүздөп саналат. «Кудайга үнүбүз жетсе, ушундай иштегендердин жазасын берсе дейбиз» деп кары-картаңдардын ыйлап тургандарын көрүп, чыдап тура албайсың. Саясатка министр, депутат, президент келет да, кетет. Эл арыз-муңун кимге айтат жана ким угат? Элдин үнүн укчу жан барбы? Айткылачы, айтып койгулачы, ошол жакка баралы жана кайрылалы.

Базаркүл Маманова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: