Сотто жабыркагандар эки күндөн бери Ак үйдүн алдында. Алардын топ башчысы Светлана Калиевнанын айтымында, соттон жабыркаган 2100 үй-бүлө бар, алардын 25и акыйкатсыздыктын айынын үнүн президентке жеткирели деген ниетте Ак үйдүн алдына келишкен. Алардын барбаган, какпаган эшиги калган эмес. Чубактын кунундай чууруп келаткан чырга юридикалык баа берүү үчүн алар Генпрокуроратурага да кайрылып, тыңгылыктуу жооп ала алышкан эмес. Жогорку Сотко да кайрылышкан, айлалары кеткенде президентке кайрылуу үчүн Ак үйдүн алдына келишкен. Биздин сайт аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады.
“Оптима” банктан кредит алып, үйүн алдырып коюу алдында турган, жыгылып, жамбашын сындырып, буту гипстелип, коляскада отуруп калган Светлана Калиевнанын арыз-муңун төмөндөгү видеодон көрүңүз:
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ