Керектен чыккан машинанын дөңгөлөктөрүн, тиричилик жана өнөр жай калдыктарын өрттөөгө тыюу салынат. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, аларга машинанын жараксыз дөңгөлөктөрү мешке жагылып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Дөңгөлөктөр күйгөндө ал абага онкологиялык ооруларды чакыра турчу канцероген жана аэрозолду бөлүп чыгарат. Ошондон улам, аталган инспекция ден соолукка зыян келтирген нерселерди өрттөөгө тыюу салат. Мындай факт катталса, Бузуу кодексине ылайык тиешелүү административдик чараларды колдонот.
Эгер зыяндуу нерсени көргөндөр болсо, анда 0(312)68-00-78 номурга чалып, билдирсе болот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ