Menu

Видео – Аманбол Бабакулов: «Сот «боз үйүңөрдү иттер жүргөн жерге тигип, жыйыныңарды өткөрө бергиле” деди, биз ага каршыбыз!»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-декабрда, Биринчи май райондук сотуна манасчы Дөөлөт Сыдыков, журналист Элнура Кулуева жана активист жарандар: Аманбол Бабакулов, Айбек Мырза, Төрөкан Жунусбеков барып, борбордун чок ортосуна боз үй тигип, улуттук талкуу акциясына каршы чечимди колдоруна алганына нааразы болуп, ал боюнча ойлорун айтып, видео аркылуу коомчулукка кайрылышты.

Айбек Мырза:

– Урматтуу депутаттар!

Тынч чогулуштар жөнүндө кыргыз республикасынын мыйзамы (2012-жылдын 23-майы № 64) Конституцияга каршы келет. Ушул мыйзамды Конституцияга каршы келбегендей кылып өзгөртүүңүздөрдү суранам.

Тынчтык чогулуштарды сот аркылуу чектөө демократиянын негизги принциптерине каршы келет. Бийлик ар дайым өзү каалаган тынчтык митингине уруксат берип, каалабаган тынчтык митингине сот аркылуу тыю салууну кош стандарттуулук деп баалайм. Улуттук талкууну уюштурууга сот аркылуу тыю салып, ал эми феминистердин 8-март күнү өткөн маршына жана сүрөт музейинде өткөн көргөзмөсүнө уруксат берүүсүн кандай түшүнсө болот?

Бийлик мындай кош стандарттуу мамилеси менен элдин нааразычылыгын гана күчөтө берет.

Элнура Кулуева:

-Мен бир нерсени түшүндүм, эл аралык уюмдун үстөмдүгү чоң экенин. Феминисттер тарых музейлерге жылаңач денесин көрсөтсө болот экен, ага жол берет экен, ал эми улуттук салтты өткөрүүгө болбойт экен. Биздин менталитетке туура келбеген жат көрүнүштөргө жол берет экен мыйзам дагы. Ушундай нерселерди соттон угуп алып, сот залынан өкүнүчтө чыгып жатам. Биздин максат- улуттук баалуулуктарды элге  жеткирүү гана болчу. Төрт боз үй тигип алып, ал жерге ак элечекчен апаларды, ак калпакчан аталарды чакырып алып, улуттук талкуу жүргүзөлү, кыргыздын каада-салтын, наркын элге жеткирели деген гана тилек болчу.

Аманбол Бабакулов:

-Боз үйдү Ак үйдүн алдына, Ала Тоо аянтына тигүүгө болбойт экен, Андай жерге феминисттер жүрсө болот экен, а бизге болбойт экен. “Ботсадга өткөрө бергиле”,-деди, биз ал жерди билебиз, көчө иттери көп жүргөн жер. Боз үйүбүздү андай жерге тигүүгө биз каршыбыз! Ал жер болбосо да башка жерге тигебиз.  жыйыныбызды өткөрөбүз!

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: