Өткөн суткада Нарын облустук ооруканасында коронавирустан 79 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, каза болгон жаран 13-майдан бери Нарын облустук ооруканасында дарыланып келген. 29-майда ал жандандыруу бөлүмүнө которулган. 30-майда ага пневмония диагнозу коюлган.
“Кечээ, 1-июнда бейтаптын абалы кескин начарлап кеткен. Анда инсульт, инфаркт, кант диабети болгон экен. Кан басымы жогору болуп, пневмония оорусу күчөп, ал жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган. Дарылоо процессине карабастан, жүрөгү токтоп каза болуп калды.” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Кыргызстанда каза болгондордун саны 17и түздү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ