Menu

Казакстан он айдын ичинде дээрлик 12 миң кайрылманды кабыл алды

Бөлүшүү:

Казакстанга 2020-жылдын он айында 11,8 миң казак кайтып келип, кайрылман макамын алды. Бул тууралуу өлкөнүн Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, алардын теңинен көбү (55,5%) Кытайдан келген. Калгандарын Өзбекстандан (28,8%), Түркмөнстандан (9,1%), Монголиядан (3,4%) жана башка мамлекеттерден кайткандар түзөт.

Ушул жылдын май айында өлкөдө миграция мыйзамдары өзгөргөн. Ага ылайык, тарыхый мекенине кайтып келгендерди мындан ары «оралман» (кайрылман) эмес, «кандаш» деп атоо тууралуу эреже кирген.

«Кандаш» деген макам алган казактарга Казакстандын жарандыгын берүү боюнча жол-жобо кыйла жеңилдейт.

Казакстанга эгемен алгандан бери, 1991-жылдан тартып 1,7 миллион казак кайтып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: