Menu

Муфтияттын алдындагы «Вакф» фондунун директору болуп Ниязали ажы Арипов дайындалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 20-ноябрь күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын алдында түзүлүп жаткан «Вакф» фондунун башкармалыгынын мүчөлөрүнүн катышуусунда жыйын өттү. Бул тууралуу КМДБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев «Вакф» фондун түзүүдө Түркия, Малайзия, Египет мамлекеттеринин тажрыйбалары колдонулгандыгын айтып,  фонд өз пайдасын карапайым эл үчүн тийгизе тургандыгын билдирген.

«Бүгүнкү күндө «Вакф» фондун ачуу учурдун талабы. Фонддун шарияттык милдеттерин элибизге так жана даана түшүндүрүүбүз зарыл»,-деген Азирети Муфтий.

«Вакф» фондунун башкармалыгынын мүчөсү Мамасабыр ажы Досболов «Вакф» фонду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында иш алып баруусу керектигин баса белгилеген.

«Келечекте «Вакф» фонду жакшылыкка себепчи болот. Аккан арыктан суу агат демекчи, азыр биз бул жолду көрсөтүп койсок, келечек муундарыбыз бул ишти улантып кетет»,-деген АКнын төрагасы жана «Вакф» фондунун башкармалыгынын мүчөсү Абибилла ажы Кадырбердиев.

Жыйындын соңунда катышуучулар «Вакф» фондунун директору кызмат ордуна Ниязали ажы Ариповду, ички аудит кызматына Бакыт ажы Нурдиновду дайындашып, фонддун ишин мыйзамдаштырууну тапшырышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: