Бүгүн, 4-мартка карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 54 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 26, Чүй облусунан – 10, Ош облусунан – 5, Нарын облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 7, Жалал-Абад облусунан – 1, Баткен облусунан – 1 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 86 410 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 57 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 83 375ке жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 27, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 15, Ош облусунан – 2, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 5, Жалал-Абад облусунан – 2, Баткен облусунан – 2.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгон учурлар катталган жок. Буга чейин илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1468ге жеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ