Мындан бир канча күн мурун болгон окуя. Уулум экөөбүз бакчадан чыкканбыз. Адаттагыдай эле аялдамага чейин жөө басып жөнөдүк. Эки көчөнүн кесилишине келген кезибизде МАИ кызматкерлери жолду жаап, президенттин өтүшүнө кам көрө башташты. Эл бир заматта эле кесилишке жык толду. Арасында бир жигит уюлдук телефондо сүйлөшүп жатып, аябай маанилүү сөз айтууга даярданып жаткандай үн менен “Досум! Бир аз күтө турчу, Атамбаев өтүп кетсин” деди. Кызыгы эч кимибиз таң калган жокбуз. Маани да берген жокбуз. Бир саамдан соң арабызда турган эки окуучу кыздын күлкүсү жарылып кетти окшойт. Бир топко чейин басыла албай каткырып алышты. Эмнеге эле күлүп жатышат деп көпкө таң калып турдум. Көрсө алар тиги балага күлүп жатышыптыр. Ошондо гана президентибиз алмашканы эсиме түштү. Үйгө чейин мен да токтоно албай күлүп келдим.
Бактыбек Калмаматов, экс-депутат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ