Menu

КР Президентине жана Премьер-министрине Кара-Бууралыктардын кайрылуусу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш.Жээнбековго

Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри 

М.Д. Абылгазиевге

Кайрылуу

Кара-Буура  районунун  борбору  Кызыл-Адыр  айылында  1983-жылы  450  орундуу  “Семетей” кинотеатры  курулуп, ошол убакта ишке  берилген.  Кинотеатр негизинен үч бөлүктөн турат: фоэси, көрүүчү зал жана экинчи кабатындагы административдик кабинеттер. Ишке берилген күндөн тартып, бүгүнкү күнгө чейин эч кандай ремонт иштери жүргүзүлгөн эмес жана 2013-жылдан бери тиешелүү мекемелерден бекитилген комиссиянын түзгөн актысына ылайык, кинотеатр  авариялык абалда деп табылып, бүгүнкү күндө иштебей жабылып турат.

Райондук маданият бөлүмүнүн, мекемелеринин тиешелүү имараты болбогондуктан, кинотеатрдын имаратынын экинчи кабатында орун алып, иштеп келген.  Бүгүнкү күндө райондук маданият бөлүмүнүн эмгек жамааты Кара-Буура айыл өкмөтүнө таандык кичинекей имаратка жайгашып, ыңгайсыз шартта иштеп жатышат. Тактап  айтканда,  ошол убактарда эки мекеме жайгашып, иш алып барып келген.

Канча жылдан бери, тиешелүү жогорку органдарга капиталдык ремонттон өткөрүүгө муктаж деп, акча каражаты суралып, район тарабынан жана элден кайрылуулар жазылып келет. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай  жыйынтык  жок.

Убагында мурунку Өкмөт башчы  Ж.Сатыбалдиев  Талас жергесине келип, Кыргызстан боюнча эң жакшы абалда орнотулган Чыңгыз абанын айкели жогорудагы белгиленип жаткан авариялык абалдагы “Семетей” кинотеатрынын алдында жайгашканын көрүп, Чыңгыз абадан эч нерсе аябашыбыз керек  деп, айтылган сөзү да, өзү да жок болду.

Эң өкүнүчтүүсү Чыңгыз Айтматовдун Талас элинин каражатына тургузулган, жаркыраган  айкелинин  арткы көрүнүшү өтө начар абалда  болуп  жаткандыгы. 2013-жылдан бери “Семетей” кинотеатрын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 18.0 млн. сомго түзүлгөн сметасына ылайык, акча каражаты суралып келет.

Сиздерден, быйылкы 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында” “Семетей” кинотеатрын капиталдык ремонттон өткөрүү жагына чоң көңүл буруп, акча каражатын бөлүштүрүп берүүңүздөрдү суранабыз жана өтүнүчтү колдоого алат деген чоң ишеничтебиз.

Сиздерди, терең урматтоо менен

Кара-Буура районунун экс-акими Т.Наралиев жана башка жарандар.

 2019-жыл 6-июль.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: