Айрым учурда өз ишин мыкты аткарып жаткан кадрлар кызматтан кетсе элдин ичи ачышып калат. Дегеним, жаңырган жылдын башы менен саясатта бир аз кадрдык өзгөрүүлөрдүн болоору айтылууда. Башкача айтканда бирин-экин министрлер, бирин-экин губернаторлордун алмашаары айтылууда. Алсак өкмөттүн Ысык-Көл областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин кызматтан кетээри кеп болуп баштады. Ачыгын айтыш керек, Узарбек мырза аз убакыттын ичинде бир топ иштерди жасады, дагы да жасай тургандары алдыда. Албетте, изги тилектүү жигиттин ишине ийгилик каалайбыз. Арийне, мындай идиректүү жигиттерге убакыт мүмкүнчүлүк берүү элди ойлогондук, аймакты көтөрүү деп түшүнөөр элек. Бирок, Жылкыбаевди ордунан козгоп, аны кызматтан алып түшүү так ошол элеттин демин суутуп, экономикага эңшерлүү алып келбейби? Ушул жагын терең ойлонсок кантет?
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ