«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоодон кийин катуу сынды. Азыркыга дейре өзүнө келе албай жүрөт. Ишенген «президенти» Өмүрбек Бабанов кара башын калкалап, саясаттан кеткенин айтып, куйрук түйүп чыга берди. Чалчыкта Төрөбаев калды. Учурда ишенген адамдарынан кол жууп, асман чапчыган амбициясы быркыранып, алапайын таппай турат. Кийинки парламенттик шайлоодо «Өнүгүү- Прогресс» партиясы Жогорку Кеңештин босогосун аттабай турганы анык болгондон кийин, тегерегиндеги акчалуу, дымактуу, таасирдүү адамдары сыртын салып кетишти. Ошентип келечекте көптү үмүттөндүргөн Төрөбаев «саясий өлүккө» айланып, эрте эле «критке» кетти. Жакында социалдык тармакта «Төрөбаев кандай саясатчы» деген өндүү сурамжылоо жүрдү. Сыягы өзүнүн кадырын сынатып көрүү максатында өзү уюштурду окшойт. Бирок дээрлик баары «саткын, кошоматчы» катары «жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чаап» болушунча боктошту. Демек кадыры кайтыш болуптур баланын…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ